Филадельфиядагы дүрбөлөң

Филадельфияда 3 адамдын өмүрүн алган кол салуу учурунда адамдар дүрбөлөңгө түшүп качып кетишти.

Окуянын күбөлөрү тарткан кадрларда АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында куралдын үндөрү угулгандан кийин адамдар коопсуз жерге качууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Филадельфияда эл көп чогулган көчөдө болгон куралдуу кол салуудан үч адам көз жумуп, көп сандаган адамдар жаракат алышты. Окуялар өлкөдө курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча кызуу талаш-тартыштарды кайра жаратты.