Ирандын президенти Реиси өзү отурган тик учак кулап каза болду

Иран мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, Ибрахим Реиси менен тик учакта болгон тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмети жана Тебриз жума имамы Аятолла Али Хашим да каза болду.

2141427
Ирандын президенти Реиси өзү отурган тик учак кулап каза болду
Muhammed Muhbir.jpg

Ирандын президенти Ибрахим Реиси өзү отурган тик учак кулап каза болду.

Иран мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, Ибрахим Реиси менен тик учакта болгон тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмети жана Тебриз жума имамы Аятолла Али Хашим да каза болду.

Түркиядан учурулган «Акынжы» учкучсуз учуучу аппаратынын ийгиликтүү аныкташынын натыйжасында сыныктары табылган тик учакта болгон Төңкөрүшчү сакчылар армиясынан 2 жогорку даражалуу аскер кызматкеринин жана 3 экипаж мүчөсүнүн да кырсыкта каза болгондугу белгиленди.

Президенттин жана аны коштогон делегациянын сөөгү кырсык болгон жерден алынып, Тебризге жеткирилди.

Эртең (шейшемби) Тебризде боло турган аземден кийин Реиси жана аны коштогон делегациянын сөөгү Кум шаарында коюла турганы айтылды.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин катышуусунда эки өлкөнүн чек арасындагы дамбанын ачылыш аземинен кайтып келе жаткан Ибрахим Реиси жана аны коштогон тик учактын аба ырайынын катаалдыгынан улам катуу конгону белгиленген болчу.

63 жаштагы Ибрахим Рейси 2021-жылдагы шайлоонун биринчи айлампасында жетиштүү добуш алган Ирандын 8-президенти болгон.

Хусейин Эмир Абдуллахиян ошол эле жылдан бери тышкы иштер министрлиги кызматын аркалап келген.

Бир тараптан өлкөнүн диний лидери Али Хаменеи шайлоолор өткөнгө чейин башкарууну вице-президент Мухаммед Мухбирдин аткара турганын белгилеп, 5 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланганын жарыялады.

Ирандын убактылуу президенти Мухаммед Мухбир окуя абдан олуттуу экенин, бирок өлкөнүн башкаруусунда эч кандай боштук жаратпай турганын айтты.

Ирандын Борна маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Мухбир министрлер кабинетинин жыйынында Реиси каза болгон тик учактын кыйрашына токтолду.

Мухбир: «Окуя мамлекет, улут жана өлкөнүн лидери (Али Хаменеи) үчүн абдан оор. Бирок бул маанилүү окуя лидердин (Хаменинин) жетекчилигинде башкарууда эч кандай боштуктарды жаратпайт. Эл буга ишенип койсун»,-деп айтты.

Мухбир өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, өз милдеттерин аткарууда эч кандай түрдө кемчилик кетирбеши керектигин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар