Чыгыш Сибирь токойлорунда өрт

Орусиянын чукул абалдар министрлиги Чыгыш Сибирь токойлорунда чыккан өрт менен күрөшүүдө. Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда Иркутск аймагындагы Братск жана  Усть-Куттагы  мектептер өрттөн улам жабылды жана миңдеген окуучу үйлөрүнө жиберилди. Эки миллион гектардык токой аянты азыркы учурда өрттөнүүдө жана өрт менен бирге ташталган углерод климаттык өзгөрүүгө коркунуч туудуруп жана жергиликтүү калкка да зыянын тийгизүүдө. Өрт өчүрүү иштери улантылып, өрттү өчүрүү үчүн абадан да жардам берилүүдө.