Путин - Пашинян жолугушуусу

Россиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер - министри Никол Пашинян аймактык коопсуздукка байланыштуу маселелерди талкуулашты.

2137294
Путин  -  Пашинян жолугушуусу

Россиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер - министри Никол Пашинян аймактык коопсуздукка байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Кремлден берилген маалыматка караганда Путин менен Пашинян борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Евразия Экономикалык Биримдигинин  саммитинен кийин Кремль сарайында жолугушту.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык өткөн бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Путин экономикада кызматташууга маани бергендерин белгилеп : "Армениянын Евразия Экономикалык Биримдиги өлкөлөрү менен өз ара соода көлөмү 14 эсеге көбөйдү. Эки тараптуу карым  - катнаштар да абдан ийгиликтүү болууда. Өз ара соода көлөмү  7 миллиард доллардан ашты. Соода жана экономикалык карым  - катнаштарыбызда буга чейин мындай сан болгон эмес. Албетте соода көлөмүнүн өсүшүнөн башка аймакта коопсуздук маселелери да бар",- деди. 

Армениянын премьер  - министри Пашинян да эки тараптуу карым  - катнаштар жана аймактык темалардын маанисин белгилеп : "Акыркы жолу өткөн жылы декабрь айында сүйлөштүк. Албетте ал күндөн бери кеңешилиши керек болгон темалар чогулду",- деди. 

 



Тектеш кабарлар