Күн тартиби - 09

Президент Р. Т. Эрдогандын Ел Арабия менен маеги

684302
Күн тартиби  - 09

    

Ел Арабиянын кабарчысы Түрки ел Дахил менен маектешти.

Кабарчы маектешүүдөн мурда буларды айтты.

 Коногубуз Түркия Республикасынын Президенти урматтуу Р. Т. Эрдоган. Кош келипсиз. Ел Арабия телекөрсөтүүсүнө убакыт бөлгөндүгүңүз үчүн чоң рахмат.

Урматтуу президент Бахрейн жана Катарды камтыган Булуң саякатына чыктыңыз. Бул сапардын максты эмне? Маанилүү жыйынтык чыгабы?

Президент Эрдоган:

  Бахрейин королдугу, Сауд Аравия жана Катарды камтыган бул сапарыбыз эч шексиз бул дос өлкөлөр менен болгон карым – катнаштарыбыздын эң жогорку деңгээлге чыгышын максат кылууда. Айрыкча ар башка тармактарда кызматташтык түзүү үчүн өткөрүлүүдө. Биз бул сапардын абдан түшүмдүү болоруна ишенебиз. Сапарыбыздын биринчи аялдамасы  болгон Бахрейн королдугуна жасаган сапарыбыз абдан түшүмдүү өттү. Азыркы учурда да Сауд Аравиядабыз. Бул жердеги программабыз да мыкты өтүүдө. Бул жерден  кийин Катарга андан ары Перс булуңуна барып саякатыбызды аяктайбыз.

Суроо :

 Президент Эрдоган ДЕАШка кандай карайт? ДЕАШ чындыгында кээ бир мамлекеттердин чыгарган нерсесиби?

Президент Эрдоган :

Бул уюм террордук уюм жана ислам дини менен байланышы жок. Мен Аль Каидадан бөлүнүп чыгып башка бир уюм катары чыккан учурдан баштап, булардын баарына террордук уюм катары караймын. Ар дайым булардын террордук уюм экендигин, ислам менен байланышынын жок экендигин айттым. Кыймылдарынын ислам дини менен эч кандай байланышы жок. Бул уюм көп сандаган кишини өлтүрдү. Мал – мүлкүн талап тоноду жана согуш ачты. Бул уюм ошол эле учурда күчтөрүн далилдөөнү каалаган башка террордук уюмдардын да аймакка багыт алышына себеп болду. Аль Каида террордук уюм эле. ДЕАШ да бир террордук уюм. Бул ушул боюнча кетпейт. Эмне себептен? Себеби зулумчулук кылууда, зулумчулук да аны акырына чыгарат. ДЕАШ террордук уюмунун Сириядагы акыркы күндөрүн жашап жаткандыгын көрүүдөбүз, себеби муну дагы уланта албайт. Биз бул уюмга каршы күрөшүүнү улантууда чечкиндүүбүз.  Коалиция күчтөрү айрыкча Сауд Аравия башта болуу менен аймак өлкөлөрү да чечкиндүү. Аймактагы террордук уюмдарга карата орток күрөшпөсөк башка аймактарда, өлкөбүздө жана башка булуң өлкөлөүндө да булар башыбызга балээ болот. Түркияда террордук уюмга карата кенен операцияларды баштадык жана уюм менен байланышы аныкталган кишилер көзөмөлгө алына баштады. Аль Каидага 40 миң кишинин кошулушуна бөгөт болдук. Бул жерге келгенден мурда да коопсуздук күчтөрүбүз 1000ге жакын ДЕАШ террористти камоого алды. Чечкиндүү түрдө террор менен күрөшпөсөк кааланган жыйынтыкка жете албайбыз. Муну чечкиндүү түрдө аткарсак Сирия калкынын талаптарын жана түшүн ишке ашырган болобуз.

   Суроо : Түркия болгон ийгиликсиз козголоңдон кийин Иран менен Орусияга жакындады. Израиль менен карым – катнаштарын калыбына  келтирүүдө. Бул кадамдар араб өлкөлөрүнө берилген бир кабарбы?

Жооп : Кудайга шүгүр элибиздин каармандыгы менен козголоң кыймылын бастырдык. Бул окуяда 248 шейит бердик. Күтүлбөгөн жерден жаңы муундагы террордук уюм менен бетме – бет келдик. Бул террордук уюм 40 жылдан бери күтүп жаткан жана күтпөгөн жерден ортого чыкты. Бул террордук уюмдун лидери АКШга барды жана уюмдун кыймылын ошол жерден башкара баштады. Сөзү болгон уюм билим берүү, фонд, соода жана башка методдор менен 170 өлкөдө иш алып барды. Бул уюмдун материалдык күчү бар жана Сауд Аравияда  кээ бир иштерди аткарды. Кудайга шүгүр сауд бир туугандарыбыз бул террордук уюмга каршы  керек болгон нерсени аткарышты. Уюм башка өлкөлөрдө калууга жана кирүүгө аракет кылууда. Араб бир туугандарыбыздын бул террордук уюмга карата этият болуулары абдан маанилүү. Уюм муну билим берүү, өзгөчө балдарды тарбиялоо  жана жогорку даражага жеткирүү менен жүргүзүүдө.  Түркияда буларды ишке ашырышты. Бул уюм  Америкада Картер мектептеринен 500 миллион доллар киреше табууда. Бул мектептер мамлекеттен жардам алып жатат, бирок менчик мектеп сыяктуу башкарылууда. Биз уюмдун материалдык булактарын  бөгөттөдүк. Ушул боюнча  бизге каршы чыгып, согуш ачышты. Уюм мекемелеринин жардамы менен чоң суммада акча чогултуп жаткан. Биз бул мекемелерди жаптык. Кудайдын кудурети менен булуң өлкөлөрү менен  түзө турган кызматташтык аркылуу бул тууралуу дагы да ийгиликтүү болобуз. Билгениңиздей Түркия, ислам кызматташтык уюмунун  кезектешкен башкаруучулугун аткарууда. Бахрейн да булуң кызматташтык кеңешинин кезектешкен башкаруучулугун аткарууда.  Бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен түзө турган кызматташтык жана террор менен күрөшүү тууралуу абдан жакшы баскычка келе алабыз. Мында ийгиликтүү болсок аймагыбыз коопсуз болот.

 

Суроо :

Араптардын бир тобу  исламиет менен лаицизмди бирдикте алып кете албай жатат. Сиз мында кантип  ийгиликтүү болдуңуз?

Жооп :

Ислам дини менен лаицизмдин ортосунда   байланыштын курулушундагы себептин ислам дүйнөсү тарабынан кандайча билинбегендигин түшүнүүдө кыйналып жатам. Биз партиябызды аныктадык. Лаицизмди аныктадык. Муну Мурси  башкарууга келген учурда Египетке барганымда  да айттым. Каирдеги Опера сарайында сөз сүйлөдүм.  Ал жерде ислам дининин террор менен байланышы жана алакасы тууралуу сөз сүйлөдүм. Исламга кандай аныктама бере алабыз. Адамдар лаик боло албайт, мамлекет лаик болот. Бул маанилүү. Лаик мамлекет, бардык диндерге  оптимисттик менен карайт деген мааниге келет жана бул мамлекеттин бардык диндерге жана ишеничтерге бирдей мамиле кылышы керек. Бул ислам динине каршы тезиспи?  Бул исламга тескери эмес. Бирок кээ бирлери башка түрдүү анализдөөгө аракет кылууда. Бирок мурунку жылдарда лаицизмди диндин  душманы же динсиздик катары көрдүк. Биз буга «жок» дедик.  Лаицизм мамлекеттин бардык диндерди гаранияга алуусу жана бул диндерге бирдей мамиле кылышы. Акыйкаттан да лаицизмдин түшүндүрмөсү биздин өлкөдө ушундай.

Суроо :

Араб көрүүчүлөргө лаицизмди кандай түшүндүрөсүз?

Жооп :

Айтылган аныкталамардын баары алар үчүн да керектүү. Лаицизмди диндин душманы катары карабайбыз, жеке бир адам лаик боло албайт себеби лаицизм бир дин эмес. Мамлекет лаик болот. Лаицизм  бардык диндер менен ишеничтердин эркиндиги үчүн бир гана гарантер. Тактап айтканда  лаицизм  бардык диний  милдеттерин эркин орундатышы үчүн пайдубал даярдат. Бул атеисттер үчүн да айтыла алат. Лаицизмди  динчилдерге каршы  экендигин айтуу туура эмес. Албетте Еврпада лаицизмдин аныктамасында жаңылыштыктар бар. Ар башка аныктамалар менен анализдер болушу мүмкүн. Бирок Түркияда курган партиямда лаицизмди  бир аз мурдараак айтканымдай билебиз.

Кабарчы:

 Урматтуу  президент бизге убакыт бөлгөнүңүз үчүн чоң рахмат.



Тектеш кабарлар