Жасалма интеллект менен үн жасоо...

OpenAI тарабынан компаниясынын үндөрдү клондоочу жаңы технологиясына байланыштуу билдирүү жасалды.

2123357
Жасалма интеллект менен үн жасоо...

Жасалма интеллект чатботу ChatGPTны иштеп чыккан OpenAI команиясы «Үн кыймылдаткычы» (Voice Engine) деп аталган жаңы технологиясы жазылган текстти жана бир гана 15 секунддук үн үлгүсүн колдонуп, баштапкы динамикке абдан окшош табигый кепти чыгара аларын жарыялады.

OpenAI компаниясынын үндөрдү клондоочу жаңы технологиясына байланыштуу билдирүү жасалды.

Билдирүүдө «Үн кыймылдаткычынын» бир гана жазуу тексти жана 15 секунддук бир үн үлгүсү аркылуу спикердин үнүнө абдан окшош сүйлөй алаары ортого салынды.

Билдирүүдө сөз кылынган технологиянын 2022-жылы иштелип чыкканы жана «кыянаттык потенциалынан» улам кеңири жайылтуу үчүн этият жана аң-сезимдүү мамиленин кабыл алынганы белгиленди.

Билдирүүдө «Voice Engine» оригиналдуу спикердин үнүн сактоо менен которо ала турганы да белгиленген.

Видеолор жана подкасттар сыяктуу контент өндүрүүчүлөр бул функциядан пайда алып, дүйнөгө «өз үнү менен» жете ала турганы, ошол эле учурда которулган аудиодо оригиналдуу спикердин «акцентин» сактап кала тургандыгы бөлүшүлгөн.



Тектеш кабарлар