Жерди акыркы жылдардагы эң күчтүү геомагниттик бороон каптайт

Улуттук океандык жана атмосфералык башкаруу (NOAA) Күндөгү жарылуу тууралуу билдирүү жасады.

2119686
Жерди акыркы жылдардагы эң күчтүү геомагниттик бороон каптайт

Жерди акыркы жылдардагы эң күчтүү геомагниттик бороон солкулдатты.

Улуттук океандык жана атмосфералык башкаруу (NOAA) Күндөгү жарылуу тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө геомагниттик бороондун электрондук аппараттарда көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экендиги эскертилди. GPS (Global Positioning System) менен көйгөйлөр болушу мүмкүн деп кошумчаланган.

Мындай бороон-чапкындар, адатта, Күндөн Жерге келген заряддуу бөлүкчөлөрдүн атмосфера менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында пайда болуп, магниттик бороондорду жаратышы мүмкүн.

Бороондун көлөмү Жерден 20 эсе чоң болгон. Бир нече күн мурун Күндө болгон жарылуу түз Жерге карай бөлүкчөлөрдүн агымын пайда кылган.

Геомагниттик бороон-чапкындарды ээрчиген окумуштуулар бул окуядан кийин планетаны күн бороону капташы мүмкүн деп болжошкон. Бирок мынчалык катуу бороон болору алдын ала айтылган эмес.

Астрономдор Күндөгү жарылуулар акырындап көбөйүп, бир нече жылдын ичинде эң жогорку чегине жете турганын айтышууда.



Тектеш кабарлар