Мээсине чип орнотулган адам ой жүгүртүү аркылуу шахмат ойноду

Neuralink мээге чип орнотулган бейтап Ноланд Арбаг X социалдык медиа платформасында түз эфирде шахмат ойногон учурлары менен бөлүштү.

2118541
Мээсине чип орнотулган адам ой жүгүртүү аркылуу шахмат ойноду

Америкалык технологиялык ишкер Илон Маск негиздеген нейротехнологиялык компания Neuralink мээ чипин имплантациялаган адамдын шахматты ой аркылуу ойной турганын жарыялады.

Neuralink мээге чип орнотулган бейтап Ноланд Арбаг X социалдык медиа платформасында түз эфирде шахмат ойногон учурлары менен бөлүштү.

Арбаг түз эфирде болжол менен 8 жыл мурда болгон кырсыктан кийин колу-бутунун шал болуп калганын белгилеп, мээге чип салуу операциясынын «абдан оңой» болгонун айтты.

Видеодо Арбаг ноутбук курсорун кыймылдатып, ой жүгүртүү менен шахмат ойноп жатканын көрүүгө болот.

Илон Маск 30-январда X баракчасындагы бөлүшүүсүндө 29-январда Neuralink тарабынан чыгарылган чип биринчи жолу адамга киргизилгенин айткан.

Алгачкы Neuralink продуктунун аталышынын «Телепатия» экенин белгилеген Маск, телефон же компьютер жана дээрлик бардык аппараттар булар аркылуу жөн гана ойлонуу менен башкарыла аларын айтты.

Маск мээге чип орнотулган бейтаптын экранда чычканды жөн гана ойлонуу менен кыймылдата аларын айтты.

Neuralink май айында АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан (FDA) мээ чипинин долбоорун адамда сынап баштоого уруксат алганын жарыялаган.

Мурда маймылдарда сыналган чиптердин мээдеги сигналдарды ийгиликтүү чечмелеп, аппараттарга өткөрүп бергени белгиленген.

Маск жана бир топ инженерлер тарабынан 2016-жылы негизделген Neuralink мээге орнотула турган микрочиптер аркасында шал жана сокурдук сыяктуу неврологиялык ооруларды дарылоону жана майыптардын жашоо сапатын жакшыртууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар