Дүйнөдөгү алгачкы шаарлар аралык аба таксиси

Алты винттүү планер тибиндеги аба транспорту, учкуч менен кошо 5 кишини максималдуу 250 километр аралыкка ташый алат.

2109089
Дүйнөдөгү алгачкы шаарлар аралык аба таксиси

Дүйнөдөгү алгачкы шаарлар аралык аба таксиси сыноо учуусун ишке ашырды.

Кытайлык аба транспортун өндүрүүчү AutoFlight, шаарлар арасында кыска аралыкка жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн иштеп чыккан электрдүү тик учуучу жана конуучу аппаратынын (eVTOL) сыноо учуусун жасады.

Компаниянын билдирүүсүнө караганда, сыноо учуусу өлкөнүн түштүгүндөгү Гуандун провинциясындагы Перл дарыясынын эки башка жээгинде Шинжаң жана Цухай шаарларынын ортосунда «Prosperity» аттуу концепциялык унаа менен ишке ашырылды.

Компания 20 мүнөттүк сыноо учуусунун "дүйнөдөгү биринчи шаарлар аралык аба такси кызматы" экенин, учкучсуз жана жүргүнчүлөрсүз аткарылганын билдирди.

Алты винттүү планер тибиндеги аба транспорту, учкуч менен кошо 5 кишини максималдуу 250 километр аралыкка ташый алат. Транспорттун ылдамдыгы саатына 200 километрге чейин жетет.



Тектеш кабарлар