Дүйнөнүн эң картаң эркек горилласы өлдү

Оззи 1988 - жылы Форд Африкалык тропикалык токоюнун ачылышы менен аймакка алынып келинген гориллалардын аман калган жалгыз мүчөсү.

1768517
Дүйнөнүн эң картаң эркек горилласы өлдү

"Дүйнөдөгү үчүнчү эң картаң эркек горилла" наамына ээ болгон горилла АКШдагы зоопаркта өлдү.

АКШнын Атланта зоопаркында жашаган 61 жаштагы Оззи аттуу горилланын ден соолугунун бир канча убакыттан бери жакшы эместиги, өлүмүнүн  себеби азырынча так белгилүү боло электиги билдирилди.

Оззи 1988 - жылы Форд Африкалык тропикалык токоюнун ачылышы менен аймакка алынып келинген гориллалардын аман калган жалгыз мүчөсү.

Ошол эле учурда Оззи менен бир зоопаркта 15 жылдан ашык чогуу жашаган горилла Чоомба да ден соолугунун начарлашына байланыштуу бир нече күн мурун 59 жашында уктатылды.

 



Тектеш кабарлар