Эл аралык Космос станциясындагы 4 космонавт Жерге кайтып келишти

АКШда космостук кеме 53 жылдан бери биринчи жолу түн ичинде жерге конду деп айтылган.

1632354
Эл аралык Космос станциясындагы 4 космонавт Жерге кайтып келишти

Эл аралык Космос станциясында (ISS) 6 айлык миссияларын аяктаган 4 космонавт Жерге кайтып келишти.

НАСАнын астронавттары Майк Хопкинс, Виктор Гловер, Шеннон Уокер жана жапониялык астронавт Соичи Ногучи SpaceX капсуласы менен 6 жарым сааттык жол жүрүп, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Флорида штатына конду.

АКШда космостук кеме 53 жылдан бери биринчи жолу түн ичинде жерге конду деп айтылган.

Космонавттар ушул эле капсула менен ноябрь айында Эл аралык космос станциясына барышкан.



Тектеш кабарлар