NASA Марска конгон «Perseverance» аттуу чалгындоочу аппаратынын кадрларын жарыялады

NASA «Perseverance» үчүн атайын ачкан Твиттер эсебинен ишемби күнү  Марс бетине конуунун 3 башка камера бурчтарынан көрүнүшүн бөлүштү

1588839
NASA Марска конгон «Perseverance» аттуу чалгындоочу аппаратынын кадрларын жарыялады

Американын Космос жана авиация башкармалыгы (NASA) Марска конгон «Perseverance» аттуу чалгындоочу аппаратынын кадрларын жарыялады.

NASA «Perseverance» үчүн атайын ачкан Твиттер эсебинен ишемби күнү  Марс бетине конуунун 3 башка камера бурчтарынан көрүнүшүн бөлүштү.

Марс атмосферасына кирген унаанын ылдамдыгын азайтуу үчүн парашюттун ачылышы менен башталган видеодо, ылдый жакты көрсөткөн камерасынан бир топко асманда калкып турган Персеверанстын бетке конгон учуру ачык эле көрүнүп турганы белгиленген.

Унаанын пландаштырылгандай Кызыл планетага конушу менен, НАСАнын борборунда кубаныч үнү угулуп, космостогу планетага конуу боюнча биринчи жаңылык болду.

Персеверанс, 2020-жылы 30-июнда Флоридадагы платформадан учурулгандан кийин, болжол менен 7 ай жана 470 миллион чакырым жол жүрүп, 20-февралда Марстын бетине конгон.

Калифорниядагы НАСАнын реактивдүү кыймыл лабораториясында курулган жана плутоний күйүүчү майы менен иштелип чыккан «Perseverance» ушул кезге чейин Марска жөнөтүлгөн унаалардын арасында эң алдыңкы технологиялык өзгөчөлүктөргө ээ экендиги менен белгилүү.

Химиялык анализатор, 20 камера, үлгүлөрдү чогултуу үчүн жар-бургулагычы, роботтук «колу» жана кичинекей тик учагы бар Персеверанстын Марстын бетин изилдөө үчүн 2 жыл турушу пландалууда.



Тектеш кабарлар