Гориллаларда алгач ирет коронавирус аныкталды
Бул тууралуу АКШнын Сан-Диего зоопаркынан маалымат берилди.
1562376
АКШнын Сан-Диего зоопаркында жашаган 8 горилла коронавируска чалдыкты.
Зоопарктын билдирүүсүнө ылайык, тукум курут болуп бара жаткан гориллалардын үчөөндө жөтөл сыяктуу белгилер болгон.
Жалпы абалы жакшы жаныбарлардын вирустан кыска убакыттын ичинде кутулушу күтүлүүдө.
Вирус жаныбарларга багуучуларынан жуккан деп болжолдонууда.