Стамбул

Түркияда туризм-18

1191886
Стамбул

 

Стамбул

Стамбул, эки материкти Европа менен Азияны бири-бирине кошкон шаар...Географиялык жайгашуусунан улам тарых бою маанилүү отурукташуу борбору болду.

Б.з.ч. 7-кылымда курулган Стамбул, ар түрдүү цивилизациялардын бешиги болгон. Маданияттар, диндер, цивилизациялардын тогошкон жери болуптур.

Тарых бою үч чоң империянын, Рим империясы, Чыгыш Рим империясы жана Осмон империясынын борбор шаары болду. Бул көркөмдүү өтмүшү менен ар башка цивилизациялардын чыгарылышы болгон комплекстерди теңдешсиз аймакта бириктирген Стамбул, 1985-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди.

Стамбулдун түндүктө Халич, чыгышта Стамбул кысыгы жана түштүктө Мрамор деңизи менен курчалган бөлүгү бүгүнкү күндө «тарыхый жарым арал» деп эскерилет.

Бул жарым аралдагы 4 аймак, «Стамбулдун тарыхый аяанттары» катары Дүйнөлүк мурастар тизмесине алынды. Бул аймактар; Султанахмет шаардык археологиялык корук аянты, Сүйлеймание корук аняты, Зейрек корук аянты жана Стамбул кургактык чептери корук аянты.

Султанахмет шаардык археологиялык корук аянты; Топкапы сарайы, Аясофия, Иподром, Ая Ирини жана Кичи Аясофия мечитин камтыйт.

Топкапы сарайы, Осмон империясынын көп жылдарга созулган тарыхы бою падышалар жашаган жана империя башкарылган эң маанилүү сарайлардан бири...Фатих Султан Мехмет тарабынан курдурула баштаган Сарай, 15-кылымдын акырына барып бүткөрүлгөн жана колдонулган убагында 4 миңдей адам батып жашоо турмушун уланткан.

Орто эсеп менен 80 миң чарчы метрдик аянтка курулган сарай, жаңы сарайлардын курулуусу менен мурдагы маанисин жоготкон. Бирок ыйык аманттар, казына жана акча басуучу жайдын бул жерде сакталышы уланган.

Топкапы сарайы, 1923-жылы Осмон империясынын соңуна чыгышынан кийин музей катары иштетиле баштаган.

Көп жылдар бою Дүйнөлүк империянын башкаруу борбору болушу жагынан көңүлдү бурган сарайда, Осмон архитектурасына жана искусствосуна таандык чыгармалар, миниатюралар, Исламий кол жазмалары, кийимдер, куралдар, дубал сүрөттөрү, күнүмдүк турмушта колдонулган буюмдар менен Осмон казынасы жана баалуу буюмдары көргөзмөгө коюлган чоң коллекциялар бар.

Аясофия Стамбулдагы эң маанилүү имараттардан бири...Византия империясынын убагында 500-жылдарда курула баштаган чиркөө, куполу менен атактуу. Архитектура тарыхында бурулуш жер болгон Аясофия бүгүнкү күндө музей катары иштетилүүдө.

Иподром деп аталган аймак, 200-жылдарда спорттук иш-чаралар жана социалдык комплекс катары курулган. Бүгүнкү күндө калдыктары сакталып калган.

Ая Ирини жана Кичи Аясофия Византия доорунда курулган жана архитектуралары менен көңүлдү бурган православ чиркөөлөрү.

Сүлеймание мечити, Кануни Султан Сулейман тарабынан 16-кылымдын ортосунда Мимар Синанга салдыртылган мечит. Бүгүнкү күндө Стамбулдун ажайып силуэтин белгилеп турган эң көркөмдүү чыгармалардан бири. Шаардын диний, социалдык жана маданий муктаждыктарын камсыздагыдай комплекс түрүндө долбоорлонгон. Мечиттен тышкары, оорукана, мончо, кербенсарай, төрт медресе, медицина факультети жана бир кедей-кембагалдарга тамак берилүүчү жай орун алган. Бул түзүлүштөрдүн көпчүлүгү учурубузда да турат.

Дүйнөлүк мурастар тизмесинин катарына киргизилген аймактардан бири Зейрек корук аянты. Бул жердеги Зейрек мечити же Пантократор монастыры үч православдык чиркөөсүнөн турган маанилүү комплекс...12-кылымда курулган монастырь, Стамбулдун каратылышынан кийин медресеге айландырылган.

Аймак, Осмон үйлөрүнүн курулушу, жашоо формасы жана архитектруасы жагынан маанилүү үлгүлөрдү камтып турат. Стамбулда белгиленген эң байыркы үйлөрдөн бири да ушул жерде.

Зейрек корук аянты ЮНЕСКОнун жок болуп бараткан эстеликтерди байкоо тизмесине кошулган жана рестоврациясы кеңири түрдө ишке ашкан.

Стамбул кургактык чептери корук аянты, шаар курулган тарыхый жарым аралды кургактык жана деңиз тарабынан курчаган чептер менен жакын чөйрөсүн ичине камтыйт.

Чептердин курулушу эң оболу 4-кылымда башталган жана тарых бою көп жолу кошумчалар кошулуп, өзгөртүүлөр жасалган.

Чептерде орун алган көркөмдүү капкалар, шаарга келгендерге мамлекеттин күчүн көрсөткөн эстеликтүү түзүлүштөр мүнөзүндө... Капкалар учурубузда дагы деле пайдаланылууда. Осмон империясынын убагында чептер жана капкалар көп жолу оңдолуп, айрым бөлүмдөрү кайрадан салынган.

Кооздугу ырларга, романдарга, кинолорго тема болгон, табигый жана тарыхый жактан теңдешсиз шаар Стамбул, өткөн жылда орто эсеп менен 14 миллион чет элдик турист тарабынан кыдырылды.

 Сиздин дагы саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар