Ксантос жана Летон

Түркияда туризм-13

1170753
Ксантос жана Летон

Ксантос жана Летон

Ксантос жана Летон тарыхы б.з.ч. 3000-жылдарга жеткен байыркы шаарлар...Түркиянын Жер Ортолук деңиз аймагында, Анталия жана Мугла облусунун территориясындагы шаарлар жана ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган.

Кстантостун байыркы доордо Ликиянын эң чоң административдик башкаруу борбору жана баш калаасы болгону белгилүү. Б.з.ч. 545-жылы перстердин эгемендигине киргенге дейре көз карандысыз болгон бул шаар, жүз жылча кийин толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрттөн кийин кайрадан курулуптур; ал эмес б.з. 2-кылымында Ликия Биримдигинин борбор шаары деп жарыяланыптыр.

Кийинчерээк кезеги менен римдиктердин жана византиялыктардын карамагына өткөн Ксантос, 7-кылымдагы араб агымдарына чейин Византиянын эгемендигинде калган. Шаарга жайгашкан ар бир цивилизация курган эстеликтерде Ликиянын салттарын, Эллинисттик жана Рим доорунун таасирлерин көрүүгө болот...Чептер менен курчалган шаардын эң кызык калдыктары Эллинисттик доорго таандык театр, эстелик көрүстөндөр, Ликия лахит таштарынын бетиндеги оймолор жана жазуулар болуп саналат...

Кстантоско 4 чакырым алыстыкта орун алган Летон болсо байыркы доордо Ликиянын диний борбору абалында экен.

30 жылга созулган казууларда табылган калдыктарга караганда алгачкы отурукташуу б.з.ч. 7-кылымга жетет. Байыркы шаардын борборунда жанаша тизилген 3 ибадаткана бар. Булар Артемида, Аполлон жана Летого арналган. Аймакта орун алган ликий, арамей жана грек тилдеринде жазылган кайрылуу, Ликиянын тилинин чечмеленишинде чоң роль ойногон. Эстеликтердин жанында бир кооз чорго жана эрте христиандык доорунун чиркөөсү орун алган. Эллинисттик доордогу театр сөзсүз көрүлүшү керек болгон калдыктардын арасында...

Кстантос жана Летон, камтып турган археологиялык калдыктар жана Ликия цивилизациясынын өзгөчөлүгү жагынан дүйнөлүк мурастын маанилүү баалуулуктары болуп эсептелет.

Бул байыркы шаарларды көргөнү аймакка барып калсаңыз; каретта-каретта деңиз таш бакаларынын Түркиядагы эң маанилүү төлдөө аянттарынан бири болгон Патара пляжында деңизге түшүүңүздү, Кекова булуңунда суу астында калган Симена байыркы шаарынын үстүндө каного түшүүңүздү, Саклыкент капчыгайында кызыктуу жүрүшкө чыгууңузду, Демредеги Азиз Николас  (Аяз Ата) чиркөөсүнө зиярат кылууңузду, ажайып кооздуктагы булуңдарда яхта туруна чыгууңузду сунуштайбыз.

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар