Куртулмуштун Кубадагы жолугушуулары

Куртулмуш, расмий сапар менен барган Кубанын борбор шаары Гаванада Кубанын Элдик бийлик Улуттук Парламентинин төрагасы Эстебан Лазо Эрнандес менен жолугушту.

2137305
Куртулмуштун Кубадагы жолугушуулары

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, расмий сапар менен барган Кубанын борбор шаары Гаванада Кубанын Элдик бийлик Улуттук Парламентинин төрагасы Эстебан Лазо Эрнандес менен жолугушту.

Жекеме-жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардагы сөз сүйлөөсүндө, Түркия менен Кубанын элдеринин көп жагынан окшош экенин, аралыктар алыс болсо да өзгөчө акыркы жылдарда эки өлкөнүн президенттеринин эки тараптуу сапарларды ишке ашырганын айткан Куртулмуш, өз ара сапарлардын бардык мааниде эки тараптуу мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзгөнүн билдирди.

Куртулмуш Түркиянын акыркы жылдарда дүйнөнүн ар кайсы аймактары менен абдан жакын карым-катнаштарды өнүктүргөнүн, түрк ишкерлеринин Кубага инвестиция салууга даяр экенин, ушул алкакта Кубада бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кубаттоо темасында Куба өкмөтү менен Куба парламентинен маанилүү аракеттерди күткөнүн айтты.

Кубанын Элдик бийлик Улуттук Парламентинин төрагасы Эрнандес да өз ара сапарлар менен парламенттер аралык кызматташтыкты арттырууну каалагандыктарын билдирди.

Нуман Куртулмуш, Кубанын эгемендик күрөшүнүн жол башчысы, акын жана жазуучу Хосе Мартинин эстелигин да зыярат кылды.



Тектеш кабарлар