Түркия Гамбия аскерлерин машыктырды

7 – 28 - апрель күндөрү борбор шаар Банжулда өткөрүлгөн атайын машыгууга 351 гамбиялык аскер катышты.

2133857
Түркия Гамбия аскерлерин машыктырды

Түркия Ислам Кызматташтыгы Уюмунун саммитин өткөрүүгө даярданып жаткан Гамбия аскерлерин машыктырды.

7 – 28 - апрель күндөрү борбор шаар Банжулда өткөрүлгөн атайын машыгууга 351 гамбиялык аскер катышты.

Машыгуунун жабылыш аземине Түркиянын Банжул элчиси Фахри Түркер Оба, Гамбиянын коргоо министри Серинг Моду Нжие, Гамбиянын башкы штабынын төрагасы Мамат Чам жана көп сандаган аскер катышты.

Элчи Оба аземде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Гамбияга көрсөткөн колдоосунан кубанычтуу экенин билдирди.

Оба машыктыруунун Ислам Кызматташтыгы Уюмунун саммити учурунда жана андан кийин Гамбиянын коопсуздук күчтөрүнө пайда алып келерин айтты.

Гамбиянын коргоо министри Нжие Түркиянын Гамбиянын ишенимдүү өнүгүү өнөктөшү экенин белгилеп, көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди. Нжие Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктү мактап, Түркия-Гамбия карым-катнаштарынын жакшы деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи.

Гамбиянын Башкы штабынын төрагасы Чам Түркиянын уланып жаткан колдоосуна ыраазычылыгын билдирип  «Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» принцибинин маанисинен сөз кылды.

Аземден кийин түрк делегациясынын урматына берилген кечки тамакта Гамбия куралдуу күчтөрүнүн оркестри өзгөчө Измир маршы жана түрдүү чыгармаларды аткарды. Гамбия 4 - 5 -  майда    Ислам Кызматташтыгы Уюмунун 15 -  саммитин өткөрөт. 

 



Тектеш кабарлар