Стамбулда Газаны колдоо жүрүштөрү

Жүрүшкө катышкандар «Ок атышууну азыр токтоткула» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

2130551
Стамбулда Газаны колдоо жүрүштөрү
istanbul gazze'ye destek.jpg

Израилдин Палестинага кол салууларына каршы чогулган миңдеген киши Стамбулдун Беязыт аянтынан Аясофия мечитине чейин жөө басышты.

Гуманитардык жардам фонду (IHH) тарабынан уюштурулган «Газаны унутпа» жүрүшүнө палестин тектүү америкалык активист Хувайда Арраф, Испаниядан Барселонанын мурдагы мэри Ада Колау, америкалык мурдагы дипломат жана пенсиядагы полковник Энн Райт да катышты.

Жүрүшкө катышкандар «Ок атышууну азыр токтоткула» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Аясофия аянтында сөз сүйлөгөн Палестина Эркиндик Коалициясынын басма сөз катчысы пенсиядагы америкалык аскер Анн Райт: «Газадагы кыргынды токтотуу үчүн кемелерибизди жөнөтүп жатабыз. Газадагы гуманитардык трагедияны токтотуу, ачкачылыктан жапа чеккен элге тамак-аш жеткирүү үчүн жолго чыгуудабыз. Дүйнөлүк лидерлерге кайрылам, биз адамдык максат үчүн жолго чыктык»,- деди.

Иш-чарага катышкан Барселонанын мурдагы мэри жана укук коргоочу Ада Колау да: «Барселона Израиль менен байланышын үзгөн эң чоң шаарлардын бири. Бул жетиштүү эмес. Европалык лидерлердин эки жүздүүлүгүнөн уялам. Ушул себептен бул жердемин. Мен эркиндикке аттангандар менен биргемин. Блокаданы бузабыз деп ишенем»,-деди.

Гуманитардык жардам фондунун Башкаруу кеңешинин мүчөсү Мухаммед Жихат Челик болсо: «7 айдан бери баскынчылыкка каршы турган баатыр Газа эли үчүн келдик. Биз абийрдүүлөр союзун түздүк. Буга дүйнөнүн төрт бурчунан абийирдүү адамдарды коштук жана багытыбызды кайрадан Газага буруп жатабыз. Газага барабыз. Ок атышпоонун камсыздалышына себепкер болобуз. Эмбаргону бузабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар