Египеттин тышкы иштер министри Түркияга келет

Хакан Фидан кесиптеши менен Стамбулда жолугушат.

2129865
Египеттин тышкы иштер министри Түркияга келет

Түркия Газа үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрүн улантууда.

Египеттин тышкы иштер министри Семих Шүкри түрк кесиптеши Хакан Фидандын чакыруусу менен эртең Түркияга келет.

Хакан Фидан кесиптеши менен Стамбулда жолугушат.

Жолугушууда Газадагы акыркы абал жана аймактагы окуялар талкууланып, Түркия менен Египеттин ортосундагы карым-катнаштар ар тараптан каралат.

Эки министр жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.



Тектеш кабарлар