Президент : "Кыйналган Палестина калкынын үнү болууну улантамын, улантабыз"

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган партиясынын Түркия Улуу Улуттук Парламентинин фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

2128903
Президент : "Кыйналган Палестина калкынын үнү болууну улантамын, улантабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Эзилген Палестина калкынын үнү болууну улантамын, улантабыз",- деди. 

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган партиясынын Түркия Улуу Улуттук Парламентинин фракция жыйынында сүйлөгөн сөзүндө : "Палестина маселеси менен биздин турмушубуз маңыздуу. Улуттук күрөш (1919 - 1923) учурунда Түркиядагы Кува - йы Миллийе (Улуттук күчтөр) эмне болсо Хамас да дал ошондой",- деди. 

"Террор мамлекети Израиль  7 -  октябрдан бери Газада кыргын кылып жатат",- деген Эрдоган бул убакытта  14 миң  баланын өлтүрүлгөндүгүн белгилеп : "Булар (Израиль башкаруусу) (немис фашисттик лидери) Гитлерди да ашып өттү",- деди. Президент : "Палестина күрөшүн жактоону  жана эзилген Палестина элинин үнү болууну улантам, улантабыз»,-деди. 

 

 



Тектеш кабарлар