Яшар Гүлер : "30 километрлик коопсуз линия курулду"

Гүлер Адилеттик жана өнүгүү партиясынын  Түркия Улуу Улуттук Парламентинин (TBMM) фракция жыйынынан мурда  журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2128979
Яшар Гүлер : "30 километрлик коопсуз линия курулду"

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Иракта 30 километрлик коопсуз линиянын курулганын айтты.

Гүлер Адилеттик жана өнүгүү партиясынын  Түркия Улуу Улуттук Парламентинин (TBMM) фракция жыйынынан мурда  журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Террор менен күрөшүүнүн алкагында иш - аракеттердин уланып жатканын белгилеген Гүлер: «Пландарыбызды түздүк, иш уланууда»,- деди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын дүйшөмбү күнү Иракка барарын белгилеген министр Гүлер бир журналисттин : «Коопсуз линия түзүлөбү? Бул сапарда ишке ашабы?»,-  деген суроосуна : "30 чакырым коопсуз линия буга чейин эле түзүлгөн. Түзүлөбү же түзүлбөйбү  маселе эмес, түзүлдү. Бирок ал жерде жасалышы керек болгон айрым иштер бар, алар тууралуу иштеп жатабыз. Иракта 30 километр коопсуз линия бар жана бул үчүн чаралар көрүлдү",- деп жооп берди. 



Тектеш кабарлар