Террор менен күрөш уланууда
Дагы 4 террорист жок кылынды.
Ирактын түндүгүндөгү Асос аймагына жүргүзүлгөн аба операциясында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 4 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирактын түндүгүндөгү террор уюктарын жок кылууну улантууда. Асос аймагына жүргүзүлгөн аба операциясы менен дагы 4 ПКК террористи жок кылынды. Террорго каршы күрөшүбүз эффективдүү жана чечкиндүү түрдө уланат!» деп айтылды.
Министрликтин мурунку билдирүүсүндө да, Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 12 террористтин абадан жүргүзүлгөн операция менен таасирсиз кылынганы кабарланган.
Тектеш кабарлар
Эрдогандын Европа күнүнө карата кайрылуусу
Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.