Түркия Газага 21 учак жана 8 кеме жөнөттү
Шен элчиликтин резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Египеттин Газадагы гуманитардык абалга кайдыгер карабаганын белгиледи.
2125102
Түркиянын Каирдеги элчиси Салих Мутлу Шен, Израилдин кол салуулары башталган 7-октябрдан бери Түркиянын Газага 21 жардам учагын жана 8 кемесин жөнөткөнүн айтты.
Шен элчиликтин резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Египеттин Газадагы гуманитардык абалга кайдыгер карабаганын белгиледи.
Түркиянын Египет менен кызматташтыкта гуманитардык жардамдарын арттырганына көңүл буруп, Газага жеткен жардамдын 95 пайызынын Египет бийлигинин колдоосу менен Египет аркылуу өткөнүн айткан элчи Шен, Түркиянын ушул убакка чейин 21 жардам учагын жана 8 жардам кемесин жөнөткөнүн, Газага барган ар бир жардам кемесинин 2-3 миң тонна жардам ташыганын» билдирди.