Хакан Фидан эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Брюсселдеги НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында дипломатиялык жолугушууларын улантты.

2124493
Хакан Фидан эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында дипломатиялык жолугушууларын улантты.

Хакан Фидан Греция, Финляндия, Түштүк Корея жана Болгариянын тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Фидандын Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Йерапетритис менен жолугушуусунда эки тараптуу жана аймактык маселелер каралды.

Эки министр Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин май айында Түркияга жасай турган сапарына даярдыктар тууралуу да сүйлөштү.

Фидан финляндиялык кесиптеши Элина Валтонен менен Түркия-Финляндия-Швеция үч тараптуу түшүнүшүү меморандумунун ишке ашырылышы баш болгон террорго каршы күрөш жана коопсуздук тармагындагы кызматташтык темаларында пикир алмашты.

Жолугушууда ошондой эле Газадагы акыркы абалга баа берилип, аймактык чыңалуу коркунучуна басым жасалды.

Эки министр Түркия-Финляндиянын дипломатиялык карым-катнаштарынын 100 жылдыгында бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча эрктерин билдиришти.

Хакан Фидандын Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Тэ Юл менен жолугушуусунда болсо Азия-Тынч океан аймагындагы окуялар жана Корей жарым аралындагы абал талкууланды.

Фидан менен Чо июль айында кол коюлган «Динамикалык Түркия-Корея карым-катнаштары үчүн жол картасынын» негизинде эки тараптуу кызматташтык темаларын талкуулап, өзгөчө коргоо өнөр жайы, экономика жана энергетика тармактарын сүйлөштү.

Министр Фидан Болгариянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мария Габриэль менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар