Кулеба : «Президент Эрдоган чоң актер»
Дмитрий Кулеба Польшанын борбор шаары Варшавада онлайн жолугушууда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба : «Президент (Режеп Таййип) Эрдоган чоң актер. Аны бир гана биздин аймакта эмес, дүйнөдө да сыйлашат»,-деди.
Дмитрий Кулеба Польшанын борбор шаары Варшавада онлайн жолугушууда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
«Украина менен Орусия сүйлөшүү үстөлүнө кайтса, бул процесс 2022-жылдын мартындагыдай Стамбулда ишке ашырыла алабы?» деген суроо боюнча Кулеба: «Азырынча орус жана украин тараптын сүйлөшүүсүн Түркия гана уюштура алды, ал согуштун биринчи этабында өткөрүлдү»,-деп жооп берди.
Кулеба 2022-жылдын февраль айынан бери уланып жаткан согуштун соңуна чыгууга жардам берүүнү каалаган эч бир өлкөнү четке какпагандарына көңүл буруп: «Президент (Режеп Таййип) Эрдоган чоң актер. Аны бир гана биздин аймакта эмес, дүйнөдө да сыйлашат»,-деп айтты.