Түркия Германиядагы ПКК колдоочуларынын кол салуусуна каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

2121036
Түркия Германиядагы ПКК колдоочуларынын кол салуусуна каршылык көрсөттү

Түркия жикчил террордук уюм ПКК колдоочуларынын Түркиянын Ганновердеги башкы консулдугуна кол салуусуна реакция кылды.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «26-мартка караган түнү Ганновердеги башкы консулдугубуздун кире бериш дарбазасына ПКК террордук уюмунун жактоочулары тарабынан кол салуу жасалды, окуяда каза болгондор жана жабыркагандар болгон жок.

Кол салуудан кийин немис жетекчилери менен байланышка чыгып, жарандарыбыздын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугунан немис бийлигинин жооптуу экени эске салынды, Европадагы түрк коомчулугун провокациялоого багытталган аракеттерге жол бербөө керектиги айтылды.

Бурчка камалган террордук уюм ПККнын Европадагы түрк коомчулугунун тынчын алууга карата аракеттеринин күчөгөнү байкалууда. Жарандарыбыздын акыл-эстүүлүк мамилесинин негизинде бул провокациялар чоң окуяларга айланган жок.

Тиешелүү өлкөлөрдөн күткөнүбүз, террордук уюмдун колдоочуларынын аракеттерине уруксат берилбей, кол салгандардын тез арада жоопко тартылышы»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар