Террор менен күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.
2121035
Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 5 террорист таасирсиз кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган 2 ПКК террористи Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды. Ушундайча аймакта жок кылынган террористтердин саны 5ке жетти. Кайда болсо да террор уюму ПККга каршы күрөшүбүз акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат!»,-деген сөздөр камтылды.
Министрликтин мурунку билдирүүсүндө, «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террористтин жок кылынганы кабарланган.