Диянет фондунан Гвинея-Бисауга жардам

Азык-түлүк пакеттерин алган аймактын тургундары Түркияга жана түрк элине ыраазычылык билдиришти.

2119577
Диянет фондунан Гвинея-Бисауга жардам

Түркия Диянет фонду (TDV) Рамазан айынан улам Гвинея-Бисауда муктаж болгон 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк пакеттерин таратты.

Диянет фондунун Гвинея Бисау тобу өлкөнүн борбору Бисау, Фарим жана Ойо аймактарындагы муктаж үй-бүлөлөргө күрүч, кант, май, туз сыяктуу азык-түлүктөрдү камтыган пакеттерди жеткирди.

Азык-түлүк пакеттерин алган аймактын тургундары Түркияга жана түрк элине ыраазычылык билдиришти.

TDV Йеменде да 34 миң киши пайдалана турган суу кудуктарын жана чорголорун ачты.

Кудук жана суу чоргосу фонддун «Бир тамчы өмүр» долбоорунун алкагында Мариб шаарындагы Сахнул-Ватан аймагында ачылды.



Тектеш кабарлар