Кирякос Мицотакис Анкарага келди

Премьер-министр Мицотакисти аэропортто тышкы иштер министри Хакан Фидан жана берки жетекчилер тосуп алышты.

2139003
Кирякос Мицотакис Анкарага келди

Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуу үчүн Анкарага келди.

Премьер-министр Мицотакисти аэропортто тышкы иштер министри Хакан Фидан жана берки жетекчилер тосуп алышты.

Президент Эрдогандын чакыруусу менен Анкарага келген Мицотакистин сапарында Түркия менен Грециянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар ар түрдүү өңүттө каралып, кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн таштала турган кадамдар талкууланат.

Аймактык жана глобалдык актуалдуу темалар менен бирге эки тараптуу мамилелер тууралуу пикир алмашылышы күтүлгөн сапардын алкагында, карым-катнаштарга салым кошо турган келишимдерге кол коюлушу да күн тартибинде.



Тектеш кабарлар