TҮКРСАТ 6А июль айында космоско жиберлилет

Спутниктин жергиликтүү жана улуттук экенине көңүлдөрдү бурган Кажыр, бул спутник менен бирдикте кабарлашууда дүйнө калкынын жарымынан көбүнө жете турганын айтты

2119207
TҮКРСАТ 6А июль айында космоско жиберлилет

Түркиянын биринчи жергиликтүү жана улуттук кабардашуу спутниги TҮРКСАТ 6A 8 - июлда космоско жиберилет.

Борбор шаар Анкарада ТҮРКСАТ жана түрк авиациялык космостук өнөр жайында (ТУСАШ) изилдөө жүргүзгөн Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр акыркы баскычы болгон спутниктин «Учуу модели» сыноолоруна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.
Спутниктин жергиликтүү жана улуттук экенине көңүлдөрдү бурган Кажыр, бул спутник менен бирдикте кабарлашууда дүйнө калкынын жарымынан көбүнө жете турганын айтты.

Көпкө созулган иштердин натыйжасында  спутниктин бардык орчундуу астыңкы системаларынын жергиликтүү жана улуттук деңгээлде иштелип чыккандыгын белгилеген Кажыр : "Спутнигибизди  8 - июль жумасында космоско жиберүү үчүн даярданып жатабыз. Учуруудан кийин орбитага жайгашуу баскычын биринчи жолу биздин топторубуз, өз мүмкүнчүлүктөрүбүз менен ишке ашырат. Бул да Түркиянын Ай долбоору үчүн жаңы бир тажрыйбага ээ болушуна себеп болот",- деди. 

Министр Кажыр Түркиянын алдыдагы мезгилде да ички спутник өнүктүрүү иш-чараларын уланта турганын айтты.

Кажыр Түрксат 6А менен Индонезия, Малайзия жана Индияны камтыган байланыш мүмкүнчүлүктөрүн ала тургандарын белгилеген : «Түркиянын байланыш спутниктери дүйнө калкынын жарымынан көбүнө, башкача айтканда 4,5 миллиард адамга жеткен болот»,-деди.



Тектеш кабарлар