Эрдоган Анкаранын эң бийик мунасын ачты

Президент Эрдоган борбор шаар Анкаранын Кечиөрен районундагы «Ататүрк Республика» мунарасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

2117001
Эрдоган Анкаранын эң бийик мунасын ачты
ataturk cumhuriyet kulesi.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, улуттук кирешеден жумуштуулукка, экспорттон мамлекеттик каржы балансына чейин бардык көрсөткүчтөрдүн туура багытта баратканын көрсөткөнүн айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкаранын Кечиөрен районундагы «Ататүрк Республика» мунарасынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган:«Ататүрк Республика мунарасы 197 метр бийиктик менен Анкарадагы эң бийик имарат катары Анкараны карап турат. Курамындагы китепканасы, спорт залы, үйлөнүү үлпөт залы, ашканасы жана көргөзмө аянты бөлүмдөрү менен келгендерди тейлейт»,-деди.

Иш жана кызмат саясаты деп күнү-түнү иштегендерин баса белгилеген Эрдоган: «Улуттук кирешеден тартып жумуштуулукка чейин, экспорттон тартып мамлекеттик каржы балансына чейин бардык көрсөткүчтөр, Кудайга шүгүр, биздин туура багытта баратканыбызды көрсөтүп турат. Биздин эң чоң көйгөйүбүз болгон инфляциянын жылдын экинчи жарымынан баштап боло турган тез төмөндөөсүн чогуу байкайбыз», - деп айтты.

Президент: «Акыркы 21 жылда өлкөбүздү үч эседен ашык өстүргөндөй эле, алдыдагы мезгилде дагы эки эсеге өстүрүүгө бел байладык», - деди.



Тектеш кабарлар