Түркия БУУда исламга каршы күрөшүү боюнча резолюция долбоорунун кабыл алынышына ыраазы

Тышкы иштер министрлиги 15 - Март Эл аралык Исламофобия менен күрөшүү күнүнө карата жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө эл аралык коомчулукту исламга каршы бирдиктүү позицияда болууга чакырды.

2116211
Түркия БУУда  исламга каршы күрөшүү боюнча резолюция долбоорунун кабыл алынышына ыраазы

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы ассамблеясында исламга каршы күрөшүү боюнча резолюция долбоорунун кабыл алынышынан ыраазы экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги 15 - Март Эл аралык Исламофобия менен күрөшүү күнүнө карата жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө эл аралык коомчулукту исламга каршы бирдиктүү позицияда болууга чакырды.

Билдирүүдө Түркиянын Ислам Кызматташтык Уюмуна  мүчө өлкөлөр менен бирге даярдаган Исламга каршы күрөшүү боюнча резолюция долбоорунун БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынышынан кубанычтуу экендиги баса белгиленди. 

Түркиянын БУУдагы Туруктуу өкүлү, элчи Седат Өнал, мүчө мамлекеттерди мусулмандарга карата зордук-зомбулукту шыктандырууну алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырган чечимдин эл аралык коомчулуктун бул маселе менен күрөшүүгө активдүү катышуусуна шарт түзөрүн белгиледи.

Баш катчынын чакырууларына карабастан исламга каршы келген дискриминация жана зомбулук аракеттеринин уланып жатканына көңүл бурган Өнал : "Европада Куран Каримге  карата кол салуулар исламга карата жек көрүүнүн тынчсыздантуучу деңгээлге жеткендигин көрсөтүүдө",- деп баа берди. 

Өнал мусулмандардын ыйык баалуулуктарына каршы мындай чагымчыл аракеттерге «сөз эркиндиги» деген шылтоо менен жол берилбесин баса белгиледи.

Сөз эркиндигине каршы жасалган иш-аракеттердин демократиялык эркиндиктерди кыянаттык менен бузуу жана тебелөө экенин белгилеген Өнал, адамдын кадыр - баркына жана теңдик принциптери менен   негизги укук жана эркиндиктери менен карама  - каршы келгендигин айтты.

Элчи Өнал : "Исламофобия бир гана мусулмандарга эмес, демократияга да коркунуч",-  деди.



Тектеш кабарлар