Түрк аба жолдорунун Германияга айрым каттамдары токтотулду

THY Германиянын Гамбург жана Штутгарт аэропортторундагы коопсуздук кызматкерлеринин иш таштоосунан улам эртеңки кээ бир каттамдардын токтотулганын жарыялады.

2114903
Түрк аба жолдорунун Германияга айрым каттамдары токтотулду

Түрк аба жолдорунун (THY) Германияга эртеңки айрым каттамдары токтотулду.

THY Германиянын Берлин, Гамбург жана Штутгарт аэропортторундагы коопсуздук кызматкерлеринин иш таштоосунан улам эртеңки кээ бир рейстердин токтотулганын жарыялады.

THY Басма сөз кеңешчилигинин билдирүүсүндө, Стамбулдан Берлин жана Гамбургга 14-мартта жүргүзүлө турчу каттамдардын уланып жатканы, бирок Берлин жана Гамбургдан Стамбулга рейстердин жокко чыгарылганы белгиленди.

Билдирүүдө Штутгарт аэропортунда болсо 14-марттагы бардык каттамдардын токтотулганы кабарланды.



Тектеш кабарлар