Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Анкарага келет

Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббаасты бүгүн президенттик сарайда тосуп алат.

2111225
Палестинанын  мамлекет башчысы Махмуд Аббас Анкарага келет

Борбор шаар Анкара маанилүү жолугушууну өткөрүү үчүн даярданууда.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббаcсты бүгүн президенттик сарайда тосуп алат.

Жолугушуунун негизги күн тартиби Израилдин Газага7 -октябрдан бери келе жаткан кол салуулары болот.

Эрдогандын Махмуд Аббас менен өткөрө турган жолугушууcyyда ок атышпоо тууралуу акыркы абал жана Түркиянын кепилдик сунушу каралат.

Адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын бир гана жолунун1967 -жылдагы чек араларда борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз жана эгемендүү Палестина мамлекетинин түзүлүшү менен мүмкүн экендиги баса белгилене турган жолугушууда Газага  гуманитардык жардамдардын үзгүлтүксүз  жетикирилиши үчүн таштала турган кадамдар да сөз болот.

Эрдоган Түркиянын Палестина доосуна карата колдоосун кесиптешине дагы бир жолу билдирет.



Тектеш кабарлар