Эрдоган: «Өлкөдө жаңы өнүгүү кыймылын баштайбыз»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Мугладагы митингинде сөз сүйлөдү.

2110251
Эрдоган: «Өлкөдө жаңы өнүгүү кыймылын баштайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өлкөдө жаңы өнүгүү кыймылын башташарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Мугладагы митингинде сөз сүйлөдү.

Түркияны 21 жылдан бери иш жана кызмат саясаты менен башкарып келгендерин баса белгилеген Эрдоган:«Биз эч качан эч кимди четтеткен эмеспиз. Биз бардык катмардагы жарандарыбызга кучак жайып, бардыгына кызмат кылдык»деди.

2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен кийин террорго каршы өлкө аймагында гана эмес, террордун булагында да күрөшө тургандарын жарыялашкандарын жана оң натыйжаларга жетишкендерин баса белгилеген Эрдоган:«Элибиздин тынчтыгына эч ким коркунуч келтире албайт. Биз жолубузду дагы ушундай чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Тынчтыктын биринчи шарты коопсуздук»,- деди.

Президент Эрдоган: «Республикабыздын экинчи кылымына татыктуу жаңы өнүгүү кадамын сиздер менен бирге үкөктө (31-марттагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо) баштайбыз деп үмүттөнөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар