Нуман Куртулмуш Кот-д'Ивуарга расмий сапар менен барат

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш, Кот-д'Ивуар Улуттук Парламентинин жетекчилигинде Абижанда өтө турган İSİPAB 18-конференциясына катышат.

2110060
Нуман Куртулмуш Кот-д'Ивуарга расмий сапар менен барат

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери  Нуман Куртулмуш Ислам Кызматташтык Парламенттик Ассамблеясынын (ISIPAB) 18-конференциясына катышуу үчүн 3-6-март күндөрүндө Кот-д'Ивуарга расмий сапар менен барат.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Куртулмуш, Кот-д'Ивуар Улуттук Парламентинин жетекчилигинде Абижанда өтө турган İSİPAB 18-конференциясына катышат.

Израилдин Газа жана Палестина жерлериндеги кол салуулары, Палестина доосу, Жакынкы Чыгыш тынчтыгы, ислам өлкөлөрүндөгү ички кагылышуулар, ислам дүйнөсүнүн биргелешип иш-аракет кылуу,  исламофобия менен күрөшүү темалары башта болгон аймактык жана глобалдык темаларда чакыруу салуусу күтүлгөн Куртулмуш конференциянын негизинде катышуучу өлкөлөрдөн кесиптештери жана эл аралык мекемелердин өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. 

Куртулмуштун өзгөчө Кот-д'Ивуардын мамлекет башчысы Алассан Уаттара,  премьер-министри Роберт Беугре Мамбе жана кесиптеши Кот-д'Ивуар улуттук ассамблеясынын төрагасы Адама Биктого менен жолугушуусу жана эки тараптуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоосу күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар