Жевдет Йылмаз Лондондо
Йылмаз борбор шаар Лондондо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын төрагасы Одил Рено-Бассо менен жолугушту.
Вице-президент Жевдет Йылмаз Англиядагы жолугушууларын баштады.
Йылмаз борбор шаар Лондондо Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын төрагасы Одил Рено-Бассо менен жолугушту.
Түркиянын Лондон элчилигиндеги жолугушууда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Түркиядагы инвестициялары жана кызматташуу багыттары каралды.
Йылмаз жолугушууга байланыштуу социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бүгүнкү күнгө чейин өлкөбүздөгү жеке жана мамлекеттик мекемелерге 19 миллиард евродон ашык каржылык колдоо көрсөттү», - деди.
Жевдет Йылмаз: «2023-жылдын 6-февралында өлкөбүздө катталган очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийинки жакын тилектештиктери үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем»,- деп айтты.
Вице-президент Жевдет Йылмаз андан кийин Кипр түрк коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту.