Фидан Чоң жыйырмалыктын жыйындарына катышууда

Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйыны Бразилиянын кожоюндугунда Рио-де-Жанейродо башталды.

2105705
Фидан Чоң жыйырмалыктын жыйындарына катышууда

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Газадагы ырайымсыздыктын тез арада токтотулушу керектигин баса белгилеп, эл аралык коомчулук менен Чоң жыйырмалыкты (G20) ок атышпоо жана эки мамлекеттүү чечим үчүн дагы активдүү роль ойноого чакырды.

Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринин жыйыны Бразилиянын кожоюндугунда Рио-де-Жанейродо башталды.

Жыйында Украинадагы абалдар, Израилдин Газага кол салуулары, глобалдык чыңалуу, көп тараптуу уюмдардын күчтөндүрүлүшү, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, жакырчылыктын азайтылышы жана глобалдык башкаруу механизмдерин реформалоо талкууланат.

Хакан Фидан Тышкы иштер министрлеринин жыйынынын биринчи отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Газадагы ырайымсыздыктын тез арада токтотулушу керектигин баса белгилеп, эл аралык коомчулук менен Чоң жыйырмалыкты ок атышпоо жана эки мамлекеттүү чечим үчүн дагы активдүү роль ойноого чакырды.

«Чоң жыйырмалыктын уланып жаткан эл аралык чыңалуудагы ролу» аттуу отурумда катышуучуларга кайрылган Фидан, Орусия-Украина согушунун экинчи жылынын артта калганын эске салып, Түркиянын тараптардын дипломатияга кайрылып, сүйлөшүү жолу менен чечимге жетүүсүнө үмүт кылганын жана бул багыттагы демилгелерин уланта берерин билдирди.

Эл аралык коомчулуктун глобалдык теңсиздик жана адилетсиздик, экономикалык алсыздыктар, экологиялык көйгөйлөр жана жасалма интеллект сыяктуу жаңы технологиялардын алып келген көптөгөн кыйынчылыктары менен бетме-бет келгенин белгилеген Фидан, глобалдык дипломатиянын жана Чоң жыйырмалыктын бардык кризистик аймактарда биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүнүн маанисине көңүл бурду.

Ноябрда Рио-де-Жанейродо дүйнөнүн эң ири 20 экономикасынын башын кошкон Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин саммити өтөт.



Тектеш кабарлар