Түрк сериалдары Венесуэлада түрк тилине болгон кызыгууну арттырды

Венесуэланын борбор шаары Каракаста өткөн жылы иштей баштаган Юнус Эмре институтунун (YEE) маданий борборунда ачылган онлайн түрк курстарына быйыл 180 киши катталды.

2105631
Түрк сериалдары Венесуэлада түрк тилине болгон кызыгууну арттырды

Түрк сериалдары Венесуэлада жаштардын түрк тилине болгон кызыгуусун арттырды.

Венесуэлада жашаган жаштардын, түрк сериалдары жана Түркия-Венесуэла карым-катнаштарынын өнүгүшүнүн негизинде түрк тилине болгон кызыгуусу барган сайын артууда.

Венесуэланын борбор шаары Каракаста өткөн жылы иштей баштаган Юнус Эмре институтунун (YEE) маданий борборунда ачылган онлайн түрк курстарына быйыл 180 киши катталды.

Алардын бири Йохари Оливарес түрк тилин YEEде үйрөнө баштаганын айтты.

Түркияга эч барбаганын белгилеген Оливарес: «Түркияга эч барган эмесмин, бирок түрк сериалдарын жакшы көрөм, түрк тилине ар дайым кызыгам, үйрөнүүнү жакшы көрөм»,-деди.

Аргелия Веласкес да сериалдарды көрүп таасирленгендиктен түрк тилин үйрөнө баштаганын айтты.

Карлос Капиелло болсо: «Түрк маданиятына жана түрк сериалдарына кызыгам. Дирилиш Эртугрулду көрдүм жана абдан кызыктуу экен»,- деди.



Тектеш кабарлар