Түркия Бириккен Улуттар Уюмуна ыраазычылык билдирди

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Палестина боюнча резолюция долбоорунун кабыл алынышына ыраазычылык билдирди.

2138216
Түркия Бириккен Улуттар Уюмуна ыраазычылык билдирди

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Палестина боюнча резолюция долбоорунун кабыл алынышына ыраазычылык билдирди. 

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Палестинага БУУга кеңири укуктар жана артыкчылыктар менен кошулушуна мүмкүндүк берген БУУнун Башкы ассамблеясынын чечимине ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтылды.  

"Бул чечим дагы бир жолу эл аралык коомчулуктун басымдуу көпчүлүгү Палестина элинин өз мамлекетине болгон укугун жана эки мамлекеттүү чечимди күчтүү колдоосун көрсөтүүдө",- деп айтылган  билдирүүдө эл аралык коомчулук «Израилдин Газада жасаган мыкаачылыгын токтотуу үчүн конкреттүү кадамдарга барууга» жана «Палестина мамлекетин таанууга» чакырылды.

 

 



Тектеш кабарлар