KAAN биринчи учуусун ишке ашырды

Түркиянын эң маанилүү технологиялык долбоорлорунун бири КААНдын учуусуна карата бардык сыноолор аяктады.

2105179
KAAN биринчи учуусун ишке ашырды

Улуттук согуштук учак "КААН" бүгүн алгачкы учуусун ийгиликтүү ишке ашырды.   

Түрк авиация жана космостук өнөр жайы (TUSAŞ) тарабынан жүргүзүлгөн Түркиянын эң маанилүү технологиялык долбоорлорунун бири КААНдын учуусуна карата бардык сыноолор аяктады.

KAAN бүгүн биринчи учуусун ийгиликтүү ишке ашырды.

Кош кыймылдаткычтары, жогорку маневрдүүлүк, радарга аз көрүнүү, бортунда куралдарды алып жүрүү жана электрондук согуш жөндөмдүүлүгү KAANдын көрүнүктүү өзгөчөлүктөрү болуп саналат.

Түркия KAAN менен 5-муундагы согуштук учакка ээ болгон өлкөлөрдүн арасында орун алат.

Улуттук согуштук учак, ар түрдүү абадан абага жана абадан жердеги буталарга стратегиялык чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүн берет.

KAAN жогорку бийиктикке учуу жана суперсоникалык ылдамдыкта так жана толук сокку уруу өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат.



Тектеш кабарлар