Эмине Эрдоган Абдель Фаттах Сисинин жубайы Энтиссар Амер менен жолугушту

Жолугушууда Газага карата жардамдарды кеңейтүү жана гуманитардык кризисти чечүү максатында жасала турган иштер каралып,  өзгөчө Израилдин кол салууларынан Газада адамзаттык трагедиядан жабыркаган жетим балдар үчүн ташталышы пландалган кадамдар талкууланды

2102908
Эмине Эрдоган Абдель Фаттах Сисинин жубайы Энтиссар Амер менен жолугушту
emine erdogan-misir kizilay.jpg
emine erdogan-misir kizilay1.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Түркиянын Газадагы  жетим балдарды  аймакта туруктуу ок атышпоо түзүлүп, нормалдашуу процесси ишке ашканга чейин кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Президент Эрдогандын расмий жолугушууларынын алкагында Египеттин борбор шаары Каирге барган биринчи айым Эрдоган, президент Абдель Фаттах Сисинин жубайы Энтиссар Амер менен жолугушту.

Жолугушууда Газага карата жардамдарды кеңейтүү жана гуманитардык кризисти чечүү максатында жасала турган иштер каралып,  өзгөчө Израилдин кол салууларынан Газада адамзаттык трагедиядан жабыркаган жетим балдар үчүн ташталышы пландалган кадамдар талкууланды.

Эмине Эрдоган  жолугушууда Газада жетим балдардын аймакта туруктуу ок атышпоо түзүлүп,  нормалдашуу процесси ишке ашканга чейин убактылуу кабыл алууга даяр экенин баса белгиледи. 

Эмине Эрдоган Газа үчүн бардык өлкөлөрдүн күчтөрүн бириктириши керектигин да  айтты. 

 

Энтиссар Амер да ноябрь айында Эмине Эрдогандын үй ээлигинде өткөрүлгөн Палестина үчүн бир жүрөк саммитинен улам куттуктоосун билдирди.  

Жолугушуудан кийин Эмине Эрдоган Энтиссар Амер менен Израилдин Газага карата кол салулууларынын башталышынан бери Египет менен Газанын ортосундагы Рафах чек ара капкасында ыктыярдуу жардам иштерин жүргүзгөн Египет Кызылайы жана Хаят  Карим  - Сыймыктуу жашоо фондун зыярат кылды. 

 

Эмине Эрдоган Египет Кызылайынын иштери жана Газа үчүн уюштурулган жардамдар тууралуу да маалымат алды. 

 



Тектеш кабарлар