Түркия менен Кыргызстандын ортосунда 62 пунктан турган иш-чара планына кол коюлду

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Түркия  -  Кыргызстан Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын протоколу жана буга байланыштуу 62 пунктан турган иш-чара планына кол коюлду.

2100404
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда 62 пунктан турган иш-чара планына кол коюлду

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Түркия  -  Кыргызстан Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын протоколу жана буга байланыштуу 62 пунктан турган иш-чара планына кол коюлду.

Кечээ вице  - президент Жевдет Йылмаз жана Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров борбор шаар Анкарада Түркия Республикасынын Президенттик комплексинде жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү. 

Жолугушуулардан кийин Йылмаз менен Жапаровдун жетекчилигинде Түркия  -  Кыргызстан Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын  11 -  жыйыны өттү. 

Жыйындан кийин эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземи болду. 

Биргелешкен Экономикалык Комиссиянын протоколун жана буга байланыштуу  62 пунктан турган иш планына кол койгон Йылмаз менен Жапаровдун катышуусунда, комиссиянын негизинде Транспорт жана инфраструктура министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн арасында  "1992 -  жылы  28 -  апрелде Бишкекте кол коюлган Эл аралык автотранспорт жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү (кайра түзүү) Транспорт жана инфраструктура министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ) Протоколуна» жана «Түркиянын экспортчулар ассамблеясы менен Кыргызстандын экспортту өнүктүрүү жана таанытуу борборунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна» кол коюлду.

Кол коюу аземинен кийин Жапаров менен маалымат жыйын өткөргөн Йылмаз, учурдагы эки тараптуу соода көлөмүнүн 1,6 миллиард долларга жеткенин жана бул босогону ушул БЭК жыйынынын кошкон салымы менен эң кыска убакытта жогорулата тургандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар