Министр Эрсой : "Туризмде өлкөбүз бул жылы рекордго жетти"

Маданият жана туризм министри Нури Эрсой Стамбулда туризм тармагындагы абалдарга баа берди.

2100111
Министр Эрсой : "Туризмде өлкөбүз бул жылы рекордго жетти"

Маданият жана туризм министри Нури Эрсой : «Өлкөбүз бул жылы туризмде  рекордго жетти. Келген конок саны  56,7 миллион киши болуп, 56 миллион доллар киреше алынды. Бул жыл үчүн жаңы жана дагы чоң максаттарды койдук»,- деди.

Министр Эрсой Стамбулда туризм тармагындагы абалдарга баа берди.

2023 - жылдын туризмде рекорддук жыл болгондугун белгилеген Эрсой 2024 - жылы 60 миллион зыяратчы жана 60 миллиард доллар кирешени максат кылгандарын айтты.

Министр Эрсой жаңы мезгилде туризмде жаңы базарларга концентрациясын арттыра тургандарын белгилеп : "Өлкөбүз быйыл туризмде рекорд жаңыртты. Зыяратчылардын саны 56,7 миллион киши болуп, 56 миллиард доллар киреше алынды. Бул жыл үчүн биз жаңы жана чоң максаттарды койдук. 2024 - жылдагы максатыбыз 60 миллион зыяратчы, 60 миллиард доллар. Бул үчүн биз жаңы максаттуу рыноктордун үстүндө иштеп жатабыз. Биз жарышта бир гана өзүбүз менен атаандашпыз. Жыл сайын өзүбүздүн рекордубуздан ашып өтүү үчүн күнү-түнү иштеп жатабыз",- деди.



Тектеш кабарлар