Алтун Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу англис тилинде билдирүү жарыялады

Израилдин Газадан палестиналык мурастарды жок кылуу жана маданий геноцид кылуу менен согуш кылмыштарына жаңыларын кошконун кабарлады.

2100180
Алтун Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу англис тилинде билдирүү жарыялады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Израилдик лидерлер, Газадагы Палестинанын маданий мурастарын жана байлыктарын талкалап жатканы менен, палестиналыктардын эгемендик жана эркиндикке болгон умтулуусун өлтүрө албасын билиши керек»,- деди.

Алтун Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу социалдык медиа баракчасынан англис тилинде жарыялаган билдирүүсүндө, Израилдин Газадан палестиналык мурастарды жок кылуу жана маданий геноцид кылуу менен согуш кылмыштарына жаңыларын кошуп жатканын кабарлады.

Архивдер, китепканалар, музейлер жана мечиттердин элдин улуттук эс тутумунун эч күнөөсүз жана баалуу байлыктары экенин айткан Алтун, бул эмгектерди жок кылуунун жапайычылыктан башка нерсе эмес экенин баса белгиледи.

Израиль башкаруучулугунун палестиналык жарандарды Газадан чыгаруу ниетин ачык түрдө билдиргенине көңүл бурган Алтун: «Жүргүзүп жаткан геноцид жана согуш кылмыштары Палестинанын өздүгүнө жана маданиятына каршы багытталууда. Бул кырдаал абийири бар ар бир адам, өзгөчө батыш интеллектуалдары тарабынан кабыл алынгыс абал катары эсептелиши керек.

Израилдик лидерлер, Газадагы палестиналыктардын маданий мурастарын жана эмгектерин жок кылып жатышканы менен, палестиналыктардын эгемендик жана эркиндикке болгон умтулуусун өлтүрө албасын билиши зарыл. Оккупациялар, кыргындар жана геноцид актылары бул басып алынган адамдардын рухун кыйрата албайт. Бул 1967-жылдан бери көптөгөн жолу далилденген»,-деди.

Алтун, Израилдин Палестинада көбүрөөк кыйроого себеп болушунун алдын алуу үчүн эл аралык коомчулукка катаал кадамдардын ташталышы жөнүндө чакырык салууну уланткандарын баса белгилеп: «Бардык тараптарды гуманитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүүгө жана сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга чакырабыз. Палестинанын эгемендиги таанылып, түзүлүүсү керек. Ишке ашырыла турчу жана туруктуу чечим ушул»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар