Түркия Азербайжандагы президенттик шайлоонун тынч өткөнүнө ыраазы
Тышкы иштер министрлиги, Азербайжанда өткөрүлгөн президенттик шайлоо тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.
Түркия кечээ Азербайжандагы президенттик шайлоонун, баскынчылыктан бошотулган жерлер менен бирге бүтүндөй Азербайжанда тынч өткөнүнө кубанычын билдирди.
Тышкы иштер министрлиги, Азербайжанда өткөрүлгөн президенттик шайлоо тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.
Шайлоонун боордош Азербайжан үчүн пайдалуу болошу кааланган билдирүүдө: «Шайлоонун бүтүндөй Азербайжанда, анын ичинде оккупациядан бошотулган аймактарда тынч өткөнүнө кубанычтабыз»,- деген сөздөр камтылды.
Билдирүүдө, Азербайжан элинин шайлоо процессинде көрсөткөн мамилесинин жогору бааланганы белгиленди.
4 миллион 971 миң шайлоочу добуш берген жана катышуу көрсөткүчү 76,73 пайызды түзгөн шайлоодо Илхам Алиев 92,1 пайыздык добуш менен кайрадан шайланды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын калкынын 15,1 пайызын жаштар түзүүдө
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023 - жылдын жаштар боюнча статистикасын жарыялады.