Алпер Гезеравжынын кайтышы дагы бир жолу кечеңдетилди
Космостук транспорт фирмасы SpaceX социалдык медиа платформасы Хтен берилген маалыматта Axiom-3 командасынын Эл аралык космостук станциясынан кетишинин кеңчеңдетилгендигин жарыялады.
2098125
Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжы да ичинде болгон Драгон космостук унаасы жана Axiom-3 командасынын жерге кайтып келиши аба ырайына байланыштуу кайрадан кечеңдетилди.
Космостук транспорт фирмасы SpaceX социалдык медиа платформасы Хтен берилген маалыматта Axiom-3 командасынын Эл аралык космостук станциясынан кетишинин кеңчеңдетилгендигин жарыялады.
Билдирүүдө : "АКШнын Флорида штатынын жээгиндеги ыңгайсыз аба шарттарынан улам Драгон шейшемби күнү космостук станциясынан чыгуу ишин токтотту. Космостук унаа жана Axiom-3 командасынын саламаттыгы жакшы жана команда кийинки конуу мүмкүнчүлүгү үчүн аба шарттарын байкоону улантат",- деп айтылды.