Эрдоган Газиантеп ооруканасынын ачылышын жасады

Президент Эрдоган, очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн зыян тарткан 11 облустун бири Газиантептеги оорукана шаарчасынын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.

2097296
Эрдоган Газиантеп ооруканасынын ачылышын жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, очогу Кахраманмараш болгон 6-февралдагы жер титирөөдөн зыянга учураган шаарлар толук калыбына келмейинче токтоп, эс алышпай турганын айтты.

Президент Эрдоган, очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдөн зыян тарткан 11 облустун бири Газиантептеги оорукана шаарчасынын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.

Эрдоган жалпы 1875 орундуу оорукананын ачылышы менен саламаттыкты сактоо инфраструктурасында дагы бир локомотив ишин шаарга алып келишкендерин айтты.

14 миллион кишини жабыркаткан кылымдын апаатынан бери бир жыл өткөнүн, кайра калыбына келтирүү убадасын тез аткаргандарын түшүндүргөн Эрдоган, шаарларда жер титирөөдөн зыян тарткан турак жайлардын тездик менен тургузулуп жатканын жана алардын ачкыч тапшыруу иштери жүргүзүлө турганын айтты.

Эрдоган:«Жер титирөөдөн зыян тарткан шаарларыбыздын инфраструктурасын, надстройкасын, шаардын борборун жана айылдарын толугу менен жандандырмайынча тынч албайбыз», - деди.

Президент Эрдоган Газиантептин Ислахие районунда шаардын борборунан түз байланыш аркылуу «Жер титирөөдөн кийин турак-жай үчүн чүчүкулак тартуу жана ачкыч тапшыруу аземине» да катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө бүгүн бүткөрүлгөн 10 миң 698 үйдүн чүчүкулагын тарткандарын, 14 миң үйдүн курулушу ылдам уланып жатканын, акырындык менен биринин артынан бирин бүтүрүп, мыйзамдуу ээлерине тапшыра тургандарын айтты.

«Акыркы жараныбыз үйүнө ээ болмоюнча бизге эс алуу жок», - деп айткан Эрдоган жер титирөө болгон аймактагы ичүүчү суу, саркынды суу, канализация жана тазалоочу курулмалар сыяктуу инфраструктура долбоорлоруна жергиликтүү башкаруу органдарына 56 миллиард лира гранттык колдоо көрсөткөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар