Түркиядан Ооганстандагы Ататүрк балдар ооруканасына колдоо

Ар кандай медициналык буюмдар оорукананын жетекчилигине тапшырылды.

2096173
Түркиядан Ооганстандагы Ататүрк балдар ооруканасына колдоо

Түркия Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы Ататүрк балдар ооруканасына медициналык жабдыктар менен колдоо көрсөттү.

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) Кабул кеңсеси тарабынан берилген 50 бейтап керебети, 10 монитор, 1 DC-40 Mindrey УЗИ аппараты жана ар кандай медициналык буюмдар оорукананын жетекчилигине тапшырылды.

Ооган өкмөтү тарабынан курула баштап бирок бүтпөй калган оорукана, 2001-жылы Түркиянын колдоосу менен бүткөрүлүп, Ататүрк балдар ооруканасы деген ат менен иштей баштаган.

ТИКАнын Кабулдагы кеңсеси, маал-маалы менен колдоо көрсөтүп оорукананын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө салым кошууда.



Тектеш кабарлар