Фидан швециялык жана түркмөнстандык кесиптештери менен сүйлөштү

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидан Швециянын тышкы иштер министри Биллстрем жана Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередов менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

2096363
Фидан швециялык жана түркмөнстандык кесиптештери менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем жана Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен сүйлөшүү өткөрдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидан Швециянын тышкы иштер министри Биллстрем жана Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередов менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Фидан жана швециялык кесиптеши сүйлөшүүдө Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси, Түркия-Швеция-Финляндиянын ортосундагы Туруктуу биргелешкен механизмдин кийинки жыйындарына даярдыктарды жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарын талкуулашты.

Мындан тышкары, Фидан менен түркмөнстандык кесиптеши сүйлөшүүдө, энергетика жана жарандык авиация темалары баш болгон эки тараптуу мамилелерди бардык тармактарда бекемдөө, ошондой эле көп тараптуу платформаларда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.



Тектеш кабарлар